# 230-берене. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) жазык ишин окшоштуруп тууроо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 230-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-230

---

1. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) жазык ишин окшоштуруп тууроо даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында кылмыштуу чөйрөгө киргизилүүчү жана (же) жазык ишин окшоштуруп тууроочу адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.

2. Кылмыштуу чөйрөгө киргизилген жана (же) жазык ишин окшоштуруп туураган адамга адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, менчигине коркунуч келтирүү менен коштолгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тыюу салынат, буга коргонуу зарылдыгынын, аргасыз зарылдыктын, күч колдонуп же психикалык мажбурлоонун, кылмыш жасаган адамды кармоонун, кызматы боюнча мыйзамдарды, буйруктарды (тескемелерди), милдеттерди аткаруунун, негиздүү тобокелдикке баруунун, Жазык кодексине ылайык атайын тапшырмаларды аткаруунун учурлары кирбейт.

3. Кылмыш чөйрөсүнө киргизүүнү жүргүзүүнүн жана анын аякталышынын жүрүшүндө жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроодо ыйгарым укуктуу орган тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү отчётту жана башка материалдарды берет.

4. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-229)  
Кийинки берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-231)
