# 23-берене. Жазыктык куугунтуктоонун түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 23-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-23

---

1. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана деңгээлине жараша жазыктык куугунтуктоо, соттогу айыптоону кошуп алганда, жекече, жекече-жалпы жана жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Жоруктар жөнүндө кодекс) "Уруп-сабоо" деген 65-беренесинде, "Ден соолукка жеңил зыян келтирүү" деген 66-беренесинде, "Абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" деген 67-беренесинде, "Венерикалык ооруу жугузуу" деген 68-беренесинде, "Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" деген 84-беренесинде каралган жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жеке айыптоо иштерине кирет, алар боюнча өндүрүш жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашууларына байланыштуу кыскартылууга тийиш. Тараптардын жарашуусуна сот өкүм чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө чыгып кеткенге чейин жол берилет.

3. Жекече-жалпы айыптоо иштерине ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоруктарды кошпогондо, Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жоруктар жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары - Жазык кодекси) 132-беренесинде, 135-беренесинин 1-бөлүгүндө, 139-беренесинин 1-бөлүгүндө, 140-142-беренелеринде, 161-беренесинин 1-бөлүгүндө, 163-беренесинде, 172-беренесинин 1-бөлүгүндө, 200-беренесинин 1-бөлүгүндө, 201-беренесинин 1-бөлүгүндө, 202-беренесинин 1-бөлүгүндө, 203-беренесинин 1-бөлүгүндө, 204-беренесинин 1-бөлүгүндө, 205-беренесинин 1-бөлүгүндө, 206-беренесинин 1-бөлүгүндө, 209-беренесинин 1-бөлүгүндө, 210-беренесинин 1-бөлүгүндө, 266-беренесинин 1-бөлүгүндө, 296, 297-беренелеринде каралган кылмыштар кирет.

Жекече-жалпы айыптоо иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашуусу менен Жазык кодексинин 61-беренесине ылайык кыскартууга жол берилет. Жазык кодексинин 296, 297-беренелеринде каралган кылмыштар мас абалында жасалган болсо, жарашууга жол берилбейт.

4. Тергөөчү, прокурор, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык кылмыш жөнүндө сотко чейинки өндүрүштү, эгерде бул кылмыш көз каранды же жардамсыз абалдан улам же болбосо башка себептер боюнча өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган адамдарга карата жасалса, жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок учурда да баштай берет.

5. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, кылмыштар жөнүндө жазык иштери жалпы айыптоо иштерине кирет. Ушул иштер боюнча жазыктык куугунтуктоо жабырлануучунун арыз беришине карабастан ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-24)
