# 229-берене. Экспертиза жүргүзүү максаттарында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 229-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-229

---

1. Эгерде экспертиза жүргүзүү максатында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алууда жашыруун сырды сактоо зарыл болсо, анда тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды алуу үчүн жашыруун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу.

Жашыруун изилдөөлөр үчүн чогултулуучу үлгүлөрдүн тизмесине адамдын жашоо турмушуна байланыштуу ар кандай зарыл объектилер (колунун, бутунун издери, чачы, үнү, каны, кол жазмасы, микро бөлүкчөлөрү, транспорттук каражаттардын издери жана башкалар) киргизилиши мүмкүн.

2. Жашыруун жол менен алынган салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчёту менен жол-жоболоштурулат. Ага атайын тергөө аракетин жүргүзгөн адам тарабынан мөөр басылган жана колу коюлган таңгакталган түрдөгү үлгүлөр тиркелет.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган маалыматты изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-230)
