# 228-берене. Жашоого шартсыз орун-жайга же адамдын башка ээлигине кирүү жана изилдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 228-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-228

---

1. Жашоого шартсыз орун-жайда же адамдын башка ээлигинде иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон кылмыш куралы, предметтер, документтер жана баалуулуктар болушу мүмкүн деген шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жашыруун кароо жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу.

2. Изилдөө үчүн, ошондой эле тергөө аракеттерин даярдоо жана өткөрүү үчүн кызматтык, өндүрүштүк жайга, имаратка, курулмага, сактоочу жайга, транспорттук каражатка же жер участогуна кирүү жолу менен жашоого шартсыз жайга же адамдын башка ээлигине кирүү жана изилдөө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Изилдөө мезгилинде орун которуп жүрүүгө, сүрөткө тартууга, көчүрмөлөөгө, табылган объектилерди белгилөөгө, химиялык белги алууларды орнотууга жана башка издердин түшүн калышы үчүн шарттарды түзүүгө жол берилет. Предметтерди жашыруун изилдөө мезгилинде табылгандарды алып коюуга же алмаштырууга жол берилбейт.

4. Жашоого шартсыз орун-жайды же адамдын башка ээлигин жашыруун изилдөөнүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётуна киргизилет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-227)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-229)
