# 227-берене. Адамга же жерге байкоо жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 227-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-227

---

1. Адамдын жазык иши боюнча мааниси бар маалыматтарга мамилеси же аларга ээ болушу мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде бул адамга же жерге конспиративдик визуалдык же кандайдыр бир каражаттар аркылуу (техникалык каражаттардын жардамы менен) байкоону жүзөгө ашырууну алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырат.

2. Байкоо аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы тергөөчүгө коштомо кат менен бирге мөөр басылган түрдө алынган сүрөттөрдү, видео жазып алууларды берет, анда жазып алуулардын негизи, башталышы жана аякталышынын убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен материалдарга тиркелип алынган маалыматты алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкеринин отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-226)  
Кийинки берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-228)
