# 226-берене. Адамды же жерди аудио-видео контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 226-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-226

---

1. Адамды же жерди аудио-видео контролдоо адамдын сүйлөгөн маалыматтарын, жүрүш турушун же сүйлөшүүлөрүн жана башка дабыштарды, так аныкталган жерде өткөн окуяларды аудио же видео техниканын же башка техникалык атайын каражаттардын жардамы менен жашырын белгилөөнү билдирет. Адамды же жерди жашырын аудио-видео контролдоо тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө адамга же жерге жашыруун аудио-видео контролун жүргүзүүнү тапшырат. Адамдын жана жердин жашыруун аудио-видео контролу аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы жазып алуунун негизи, башталган жана аякталган убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш болгон коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү иш үчүн мааниси бар аудио-видео жазып алууларды тергөөчүгө берет.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алынган отчётту жана аудио-видео жазып алууларды изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-225)  
Кийинки берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-227)
