# 225-берене. Компьютерлерден, серверлерден жана башка жабдуулардан маалымат алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 225-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-225

---

1. Компьютерлерден, серверлерден жана маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана сактоо үчүн арналган башка жабдуулардан алынган маалымат жазык иши үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды камтышы мүмкүн деген божомолго жетиштүү негиздер бар болсо, тергөөчү, тергөө судьясынын токтомунун негизинде зарыл болгон маалыматты жашыруун алуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырма берүүгө укуктуу.

2. Компьютерден, серверлерден жана башка жабдуулардан маалыматтарды жашыруун алуунун натыйжалары тиешелүү материалдык алып жүрүүчүдө белгиленет, ал таңгакталат, чапталат жана атайын тергөө амалын жүргүзгөн алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамдарынын койгон колдору менен тастыкталат.

3. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы алынган отчету жана материалдарды, зарыл болсо, адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-226)
