# 224-берене. Абоненттер ортосундагы байланышуу жөнүндө маалыматтарды алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 224-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-224

---

1. Шектүү, жана башка адамдар абоненттер (абоненттик түзүлүштөр менен) ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматта жазык иши үчүн мааниси бар маалымат камтылышы мүмкүн деген шектенүүлөрдүн жетиштүү негиздери болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде көрсөтүлгөн маалыматты талап кылууга укуктуу.

2. Абоненттер ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу тергөө судьясынын токтому аткаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт. Тиешелүү орган маалыматтын ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрүндө жазылган талап кылынган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Абоненттер ортосундагы байланышуу жөнүндө маалымат абоненттердин ортосундагы байланыштын датасы, убактысы, узактыгы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш, алар абоненттердин номерлери; абоненттерди идентификациялоого өбөлгө түзгөн башка маалыматтар, анын ичинде электрондук жана башка билдирүүлөр ошондой эле кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү базалык стандарттардын номерлери жана орун алган жери жөнүндөгү маалыматтар. Көрсөтүлгөн маалымат коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет.

3. Тергөөчү алынган маалыматты зарыл болгондо адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

4. Алынган маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алгачкы текшерүү органынын тийиштүү бөлүмүндөрүнө абоненттин жайгашкан жерин аныктоону тапшырат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-223)  
Кийинки берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-225)
