# 223-берене. Сүйлөшүүлөрдү тыңшоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 223-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-223

---

1. Адамдардын телефон жана башка сүйлөшүүлөрүндө жазык иши үчүн мааниси бар маалыматтар камтылышы мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды контролдоого жана жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу.

2. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү контролдонууга жана жазып алууларга жаткан адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты;

2) аталган атайын тергөө аракетин жүргүзүүлөр боюнча негиздер;

3) контролду жана жазып алууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтү;

4) контролду жана жазып алууларды техникалык жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.

3. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу жөнүндө токтом тергөөчү тарабынан тиешелүү органга аткаруу үчүн жиберилет.

4. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү, эгерде аталган чарада зарылчылык жок болсо, тергөөчүнүн токтому боюнча токтотулат.

5. Телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу мөөнөтүндө тергөөчү аларды жүргүзүп жаткан органдан фонограмманы карап чыгуу жана угуу үчүн кайсыл гана мезгил болбосун талап кылууга укуктуу. Фонограмма тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет, анда бул сүйлөшүүлөрдү жазып алуу башталган жана аяктаган күн жана убакыт көрсөтүлөт жана бул учурда колдонулган техникалык каражаттардын кыскача мүнөздөмөсү жазылат.

6. Тергөөчү фонограмманы карап чыгуунун жана угуунун натыйжалары жөнүндө, зарыл болгондо адистин катышуусу менен протокол түзөт, анда тергөөчүнүн пикири боюнча бул жазык ишине тиешеси бар болгон фонограмманын бөлүгү сөзмө-сөз жазылууга тийиш..

7. Фонограмма буюм заты катары жазык ишинин материалдарына толук өлчөмдө тиркелет жана фонограмманы бөтөн адамдар угуусунун жана көбөйтүүсүнүн мүмкүндүгүн жокко чыгарган жана анын сакталуусун жана аны кайталап угуу үчүн, анын ичинде сот отурумунда угуу үчүн техникалык жарактуулугун сактаган шарттарда мөөр басылган түрдө сакталат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-222)  
Кийинки берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-224)
