# 221-берене. Далилдөөдө атайын тергөө амалдарынын натыйжаларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 221-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-221

---

1. Атайын тергөө амалдарынын протоколдору, видео жана аудио жазуулары, фотосүрөткө тартуулар, техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленген башка натыйжалар, алынган предметтер жана документтер же алардын көчүрмөлөрү далилдөөдө башка тергөө амалдарынын натыйжалары сыяктуу эле негизде колдонулат.

2. Аларды жүргүзгөн же жүргүзүүгө тартылган адамдар күбө катары суралышы мүмкүн. Бул адамдарды суракка алуу ушул Кодекстин 9-главасына ылайык, бул адамдар тууралуу маалыматтардын сырын сактоо жана коопсуздуктун зарыл болгон чараларын колдонуу менен жүргүзүлөт.

3. Зарыл болгон учурда атайын тергөө амалдары жүргүзүлгөн адамдар суралышы мүмкүн. Күбөгө мындай тергөө амалдарынын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө өзүнө тиешелүүсү гана жана анын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар өлчөмдө гана билдирилет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-222)
