# 220-берене. Тергөө аракеттеринин протоколдоруна тиркелбеген материалдар менен тааныштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 220-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-220

---

1. Жазык сот өндүрүшүндө далилдик мааниси болбогондугун тааныган сотко чейинки өндүрүш органынын атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыктары тергөө материалдарына тиркелбейт жана иш боюнча акыркы соттук чечим чыгарылганга чейин алар менен башка адамдардын таанышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган шарттарда, укук коргоо же атайын мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу бөлүмүндө сакталат, андан кийин тиешелүү акт түзүлүү менен жок кылынат.

2. Атайын тергөө аракети жүргүзүлгөн адам тергөө судьясынын алдында мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды болтурбаган чектерде тергөөгө тиркелбеген маалыматтар менен таанышуу жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.

3. Тергөө судьясы арызды иштин материалдары жана адам укугунун жол берилген чектөөлөрү үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен баалайт. Мында судья, эгерде бул жазык сот өндүрүшүнө тартылган адамдын кандайдыр бир мыйзам менен корголгон өмүрүнө, ден соолугуна же кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч келтириши же бул үчүнчү адамдын жеке турмушунун жашыруундуулугун козгошу мүмкүн болгон өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

4. Адам тиркелбеген материалдар менен таанышкандан кийин, аларды жазык ишинин материалдарына тиркөө жөнүндө өтүнмө бере алат. Өтүнмө тергөө судьясы тарабынан каралат.

5. Атайын тергөө аракетинин ишке тиркелбеген материалдары менен таанышкандыгы жөнүндө сотко чейинки териштирүүнүн учурунда берилген өтүнмө боюнча чечимди ишти маңызы боюнча караган судья кабыл алат.

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-221)
