# 22-берене. Калыстык жана далилдерди эркин баалоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 22-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-22

---

1. Судья, сот арачысы, прокурор жана тергөөчү өздөрүнүн милдеттерин аткарууда алдын ала ынанымдын таасири алдында же иштин жыйынтыгына жеке кызыкдар болбоого, өзү карап жаткан конкреттүү жазык ишине карата алдын ала калпыс пикирде турбоого же бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүү аракеттерин көрбөөгө тийиш.

2. Судья далилдерди сот отурумунда изилденген далилдердин жыйындысына негизделген өзүнүн ички ынанымдары боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баалайт.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун сотко чейинки өндүрүштө далилдерди баалоолору судья үчүн милдеттүү мааниге ээ эмес.

4. Эч кандай далилдер күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес жана алар судья тарабынан жыйынтыктуу бааланат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-23)
