# 217-берене. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматты коргоо боюнча чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 217-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-217

---

1. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүү фактысы жөнүндө маалымат жана аны жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалымат сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин купуя болуп эсептелет, аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдары жана аны жүргүзүүгө тартылган адамдар Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн усулдары жана тактикасы жөнүндө маалыматтар, аларды жүргүзгөн адамдар, анын ичинде ишин купуя негизде жана жашыруун формада жүргүзгөн адамдар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет жана ачыкка чыгарылбайт.

3. Атайын тергөө амалдарынын натыйжасында алынган маалыматты, эгерде алар жеке жашоонун сырларына тиешелүү болсо же мыйзамда корголуучу сырга тийиштүү болсо, жайылып кетүүсүн болтурбоо үчүн сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы мыйзамда каралган бардык каражаттарды колдонууга тийиш.

4. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында алынган, жазык ишинде далилдик мааниге ээ болбогон маалыматтар, буюмдар жана документтер иш боюнча соттук акыркы чечим кабыл алгандан кийин тиешелүү актыны түзүү менен жок кылынууга тийиш.

5. Жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү учурларын кошпогондо, атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө протоколдордун жана аларга тиркемелердин көчүрмөлөрүн даярдоого жол берилбейт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-218)
