# 215-берене. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 215-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-215

---

1. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда аны өткөрүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Ушул Кодекстин 213-беренесинин 1, 2, 3, 5, 6 жана 9-пункттарында каралган атайын тергөө аракети сотко чейинки өндүрүш мөөнөтүндө, бирок эки айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө учурларда тергөөчүнүн өтүнмөсү боюнча мөөнөт ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бир жылдан ашык мөөнөткө узартууга жол берилбейт.

3. Атайын тергөө амалдары сутканын кайсыл гана мезгилинде болбосун жана аны жүргүзүүнүн бардык мөөнөтүндө үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Эгерде атайын тергөө амалдарын өткөрүү зарылдыгы жоголсо, тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы аны андан ары жүргүзүүнү кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-214)  
Кийинки берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-216)
