# 214-берене. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө өтүнмө козгоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 214-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-214

---

1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү чечими ушул Кодекстин 36-главасынын талаптарына ылайык тергөө судьясы тарабынан кабыл алынат.

2. Өтүнмө алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамыкатышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат.

3. Өтүнмөдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) өтүнмө түзүлгөн жер жана убактысы;

2) өтүнмөнү тергөө судьясынын кароосуна киргизген тергөөчүнүн кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;

3) берилген өтүнмөнү териштирүүгө байланыштуу кылмыштын фабуласын кыскача жазуу;

4) Жазык кодексинин беренелерин (беренелердин бөлүктөрүн) көрсөтүү менен кылмышты жазык-укуктук жактан квалификациялоо;

5) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгын жана кылмыш жөнүндө жана аны башка ыкма менен жасаган адам жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун негиздөө;

6) атайын тергөө аракетин жүргүзүү пландаштырылып жаткан адам, орун алган жери же предмет жөнүндөгү маалыматтар;

7) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрүн (түрлөрүн) көрсөтүү, максаты, ошондой эле аны (аларды) өткөрүү мөөнөтүн негиздөө;

8) атайын тергөө аракетин жүргүзүүнү тапшыруу пландаштырылган орган жөнүндө маалымат.

Өтүнмөгө анын негиздүүлүгүн далилдеген материалдар тиркелет.

4. Атайын тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан объектини чечмелөөнү алып салуунун зарылдыгы келип чыккан учурларда өтүнмөдө жашыруундуулук талаптарын сактоо, ал адамдын анык анкеталык маалыматтарынын ордуна псевдонимин көрсөтүүгө жол берилет.

5. Тергөө судьясы тарабынан өтүнмөнү кароонун тартиби ушул Кодекстин 260-беренесине ылайык аныкталат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-213)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-215)
