# 213-берене. Атайын тергөө амалдарынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 213-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-213

---

Кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө үчүн төмөнкүдөй атайын тергөө амалдары жүргүзүлөт:

1) почталык-телеграфтык жөнөтүүлөргө камакка коюу жана аларды текшерүү жана (же) алып коюу;

2) сүйлөшүүлөрдү тыңшоо;

3) абоненттер жана абоненттик орнотмолор ортосундагы бириктирүү жөнүндө же абоненттик орнотмонун жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алуу;

4) компьютерден, серверден жана башка түзүлүштөрдөн маалыматты алуу;

5) адамдарды же жерлерди аудио, видео контролдоо;

6) адамды же жерди байкоо;

7) турак жайга же адамдын башка ээлигине кирүү жана текшерүү;

8) экспертиза жүргүзүү максатында салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу;

9) кылмыштык чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыштуу ишти туурамыш болуу;

10) контролдонуучу жеткирүү;

11) контролдук сатып алуу.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-212)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-214)
