212-берене. Атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негиздери жана шарттары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Жазык сот өндүрүшүндө далилдөөгө жаткан шарттарды билүү үчүн, кызыкчылыктары козголгон адамдар жазык сот өндүрүшүнө тартууну маалымдабай туруп, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогон фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл учурларда, ушул главада каралган атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт.
2. Ушул Кодекстин 213-беренесинин 9, 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттерин кошпогондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болгондо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул тууралуу прокурорго кабарлоо менен тергөө судьясынын алдында тийиштүү өтүнүчтү козгойт.
3. Атайын тергөө аракеттери оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирген жазык иштери боюнча жүргүзүлөт.
4. Айрым адамдардын арызы болгондо, ошондой эле эгерде жабырлануучуга, күбөгө же процесстин башка катышуучусуна же алардын жакын туугандарына, жубайына зордук-зомбулук же башка мажбурлоо же мыйзамсыз аракеттер жасалды деп болжогон негиздер болгон учурларда, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул Кодекстин 213-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
Дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жөнүндө айрым адамдардын арызы болгондо, ушул Кодекстин 213-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
5. Жоруктарды табуу, болтурбоо жана ачыктоо үчүн ушул Кодекстин 213-беренесинин 3, 4, 11-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт.
6. Эгерде үчүнчү адам иш үчүн мааниси бар маалыматты алат жана өткөрүп берет деген негиздер (маалыматтар) бар деген шарттар болсо, анда атайын тергөө аракети үчүнчү адамга карата, бирок ушул берененин 2 жана 7-бөлүктөрүнүн талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Атайын тергөө аракети жазык иши боюнча тергөөчү тарабынан, же анын тапшыруусу боюнча - атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлөт. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча атайын билимге ээ адистер, ошондой эле жашыруун негизде көмөктөшүүнү каалаган башка адамдар тартылышы мүмкүн.
8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жашыруун кызматташууга, эгерде андай кызматташуу кесиптик мүнөздөгү жашыруун маалыматтарды ачыктоого байланыштуу болсо, адвокаттарды, нотариустарды, медициналык кызматкерлерди, дин кызматчыларын, журналисттерди тартууга тыюу салынат.
9. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө маалыматтык тутумдар, видео жана аудио жазып алуу жабдуулары, сүрөткө тартып алуу, ошондой эле башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеси Өкмөт тарабынан белгиленет.
10. Кесиптик жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырган адвокаттарга карата атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
11. Ушул Кодексте каралбаган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн атайын тергөө аракеттерин жүзөгө ашырууга, ошондой эле аны өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдаланууга жол берилбейт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
212-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ушул главада каралган атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт.
2. алынып салынды: Тергөөчү кошулду: Ушул Кодекстин 213-беренесинин 9, 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттерин кошпогондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл алынып салынды: болсо кошулду: болгондо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул тууралуу прокурорго кабарлоо менен тергөө судьясынын алдында алынып салынды: тиешелүү өтүнмөнү козгойт, бул жөнүндө прокурорду кабарландырат.
кошулду: тийиштүү өтүнүчтү козгойт.
3. Атайын тергөө аракеттери оор жана өзгөчө оор кылмыштардын … каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
5. алынып салынды: Анча оор эмес кылмыштарды кошулду: Жоруктарды табуу, болтурбоо жана ачыктоо үчүн ушул Кодекстин 213-беренесинин 3, алынып салынды: 10, кошулду: 4, 11-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт.
6. … жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдаланууга жол берилбейт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-212" title="212-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>