210-берене. Тергөө эксперименти
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Тергөө эксперименти иш боюнча чогулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди алуу, иш үчүн мааниге ээ болгон тигил же бул көрүнүштөрдүн жана фактылардын мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө тергөө версияларын текшерүү жана баалоо максатында атайын аракеттерди жүргүзүүнү билдирет. Экспериментти жүргүзгөндө, тактап айтканда, конкреттүү шарттарда кандайдыр бир фактыларды кабыл кылуу, белгилүү бир аракеттерди жасоо мүмкүндүгү, кандайдыр бир окуянын болушу текшерилиши, ошондой эле болуп өткөн окуянын ырааты жана издердин пайда болуусунун механизми белгилениши мүмкүн.
2. Тергөө эксперименти көп жолу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир жолу экспериментти өткөрүүнүн шарттарын чагылдыруу менен протокол түзүлүүгө тийиш.
3. Зарыл болгондо тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өз кароосу боюнча тергөө экспериментине катышууга жабырлануучу, күбө, адис, эксперт, ошондой эле шектүү алардын макулдугу менен тартылышы мүмкүн.
4. Шектүү жана анын жактоочусу алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө экспериментине катышууга укуктуу. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө экспериментине котормочу, адис, педагог же психолог катышууга укуктуу.
5. Эгерде экспериментке катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч болсо, алардын ар-намысы жана кадыр-баркы кемсинтилсе, материалдык залал келтирилсе, тергөө экспериментин жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Тергөө эксперименти болуу мүмкүндүгү текшерилип жаткан, кайталанып жасалган окуялар жана аракеттер болуп өткөн шарттарга кыйла жакын шарттарда жүргүзүлөт.
7. Тергөө эксперименти анын жүрүшүн жана натыйжаларын белгилөө үчүн техникалык каражаттарды милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт. Тергөө экспериментин жүргүзүүдө фотосүрөткө тартуу, үндү жазуу жана видео жазуу жүргүзүлөт, башка илимий-техникалык каражаттар колдонулат, пландар, чиймелер түзүлөт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
210-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…катышууга жабырлануучу, күбө, адис, эксперт, ошондой эле шектүү алынып салынды: жана айыпталуучу алардын макулдугу менен тартылышы мүмкүн.
4. алынып салынды: Шектүү, айыпталуучу кошулду: Шектүү жана анын жактоочусу алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө … илимий-техникалык каражаттар колдонулат, пландар, чиймелер түзүлөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-210" title="210-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>