# 209-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 209-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-209

---

1. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү суракка алуу протоколун милдеттүү түзүү шартында көрсөтмөлөрү текшерилүүгө тийиш шектүүнү, күбөнү, жабырлануучуну суракка алгандан кийин жүргүзүлөт.

2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүү башталаардын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракетинин максатын жана тартибин түшүндүрөт. Күбөгө жана жабырлануучуга мында билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.

3. Көрсөтмөсү текшерилип жаткан адамга ага мурда суракта кабарландырылган жерге жиберүү багытын, анын көрсөтмөлөрүн текшерүү жүзөгө ашырылган жерге жөнөтүлүшүн, ошондой эле ал көрсөтмө бере турган участокторду жана предметтерди аныктоону эркин тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

4. Иш боюнча далилдүү мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди жеринде текшерүүнүн жүрүшүндө табылган предметтер жана буюмдар алып коюлат, таңгакталат жана мөөр басылат, бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат.

5. Жүргүзүлгөн аракеттер ага катышкан адамдардын ар-намысын жана абийирин кемсинтүүгө тийиш эмес.

6. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүүдө ченөө, сүрөткө тартуу, үн-жана видео жазып алуулар жүргүзүлөт, пландар жана схемалар түзүлөт. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүдө үн жана видео жазып алуу каражаттарын пайдалануу ушул Кодекстин 193-беренесинде баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

7. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Протоколдо, ошондой эле текшерүүлөрдү жеринде жүргүзүүнүн конкреттүү максаты, ага адамдардын ыктыярдуу катышуусу; текшерүүнүн катышуучуларынын жүрүшүнүн акыркы чеги; жер которуп жүрүүнүн жана жүрүү маршрутунун ыкмаларын жана ал маршрутка байланыштуу текшерүүнүн катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жазуу; жүрүштүн акыркы пунктун жазуу; бул пунктка кирген көрсөтмөлөр; көрсөтүлгөн жерде жасалган аракеттерди жазуу; кароонун жыйынтыгында ал жерде табылгандардын бардыгы такталып түшүрүлүүгө тийиш.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-208)  
Кийинки берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-210)
