Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
208-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Териштирилип жаткан окуяга байланыштуу жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн көрсөтмөлөрүн текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) өткөн окуялардын шарттары менен салыштыруу жолу аркылуу мурда суракка алынган адамдардын көрсөтмөлөрүндөгү кенемтелердин ордун толтуруу жана карама-каршылыктарды четтетүү;
2) мурда белгиленген фактыларды текшерүү;
3) жаңы далилдерди табуу;
4) анын ичинде өз аракеттерин же башка адамдардын аракеттерин демонстрациялоо жолу менен кылмыш жана (же) жорук жасоо механизмдерин конкреттештирүү.
2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү мурда суракка алынган адам тарабынан жагдайдын орун алган жерин жана изилдөөгө алынган окуянын далилдерин көргөзүү менен түшүндүрүлөт. Бул аракеттерге кандайдыр бир четтен туруп кийлигишүүгө жана багыт берүүчү суроолорго жол берилбейт.
3. Жеринде бир нече адамдардын көрсөтмөлөрүн бир эле мезгилде текшерүүгө жол берилбейт.
4. Шектүүнүн жеринде көрсөтмөлөрүн текшерүү алардын макулдугу менен жүргүзүлөт. Күбө, жабырлануучу көрсөтмөлөрдү текшерүүгө катышуудан баш тартууга укуксуз.
5. Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүгө катышууга котормочуну, адисти, экспертти тартат, ошондой эле шектүүнүн жактоочусу, жабырлануучунун өкүлү, ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн чакырылган адвокат катыша алат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жаткан окуяга байланыштуу жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн алынып салынды: жана айыпталуучунун көрсөтмөлөрүн текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) өткөн … көрсөтмөлөрүн бир эле мезгилде текшерүүгө жол берилбейт.
4. алынып салынды: Шектүүнүн, айыпталуучунун кошулду: Шектүүнүн жеринде көрсөтмөлөрүн текшерүү алардын макулдугу менен жүргүзүлөт. … катышууга котормочуну, адисти, экспертти тартат, ошондой эле алынып салынды: айыпталуучунун же шектүүнүн жактоочусу, жабырлануучунун өкүлү, ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн чакырылган адвокат катыша алат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-208" title="208-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>