# 207-берене. Тинтүү же алып коюу протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 207-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-207

---

1. Жүргүзүлгөн тинтүү жана алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

2. Протоколдо кайсы жерде жана кандай жагдайларда нерселер же документтер табылгандыгы, алардын кандай абалда болгондугу, кандай сакталгандыгы, алар ыктыярдуу түрдө берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлөт. Бардык алынып коюлган предметтер протоколдо санын, өлчөмүн, салмагын, жеке белгилерин жана мүмкүнчүлүккө жараша наркын көрсөтүү менен саналып жазылууга жатат. Тинтүү процессиндеги алып коюуда, көп сандагы предметтерди алууда ошол предметтердин атайын тизмеси түзүлөт, бул протоколдо чагылдырылат жана ал да тизмектин курамдык бөлүгү болуп саналат.

3. Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө предметтерди же алып коюуга жаткан документтерди жок кылуу же катып коюу аракеттери көрүлсө, бул кабыл алынган чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш.

4. Тинтүү же алып коюу протоколунун көчүрмөсү ал жүргүзүлгөн адамга же анын эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөсүнө кол койдуруу менен тапшырылат, ал эми алар жок болсо, турак жай-эксплуатациялоо уюмунун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө, протоколдун көчүрмөсү анын өкүлүнө берилгендиги жөнүндө кол койдурулуп, тапшырылат.

---

Мурунку берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-206)  
Кийинки берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-208)
