# 206-берене. Жеке тинтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 206-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-206

---

1. Негиздер болгондо жана ушул Кодекстин 205-беренесинде каралган тартипте жазык иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди табуу жана алып коюу максатында шектүүнү, жекече тинтүү жүргүзүлөт.

2. Адамды кармоодо же аны камакка алууда, ошондой эле имарат жайында же тинтүү жүргүзүлүп жаткан башка жайда турган адам иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди же документтерди жашырып жатат деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, жекече тинтүү тиешелүү тергөө судьясынын токтомусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде адистер ушул тергөө амалына катышса, жекече тинтүү бир жыныстагы адам тарабынан ошол жыныстагы адистердин катышуусунда жүргүзүлөт. Жекече тинтүүнү жүргүзүүдө тинтүүгө алынып жаткан адамдын коопсуздугу жана ден соолугу камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле анын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттер жасалбашы керек.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-207)
