206-берене. Жеке тинтүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Негиздер болгондо жана ушул Кодекстин 205-беренесинде каралган тартипте жазык иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди табуу жана алып коюу максатында шектүүнү, жекече тинтүү жүргүзүлөт.
2. Адамды кармоодо же аны камакка алууда, ошондой эле имарат жайында же тинтүү жүргүзүлүп жаткан башка жайда турган адам иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди же документтерди жашырып жатат деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, жекече тинтүү тиешелүү тергөө судьясынын токтомусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде адистер ушул тергөө амалына катышса, жекече тинтүү бир жыныстагы адам тарабынан ошол жыныстагы адистердин катышуусунда жүргүзүлөт. Жекече тинтүүнү жүргүзүүдө тинтүүгө алынып жаткан адамдын коопсуздугу жана ден соолугу камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле анын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттер жасалбашы керек.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
206-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана документтерди табуу жана алып коюу максатында шектүүнү, алынып салынды: айыпталуучуну жекече тинтүү жүргүзүлөт.
2. Адамды кармоодо же аны камакка алууда, … ошондой эле анын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттер жасалбашы керек.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-206" title="206-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>