# 205-берене. Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 205-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-205

---

1. Имарат бөлмөсүндө же башка жерде, же болбосо адамда кылмыш куралы, предмети, документтер жана жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон баалуулуктар, анын ичинде камакка алууга жаткан мүлк бар деп эсептөөгө жетиштүү маалыматтын болушу тинтүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. Тинтүү издөөдөгү адамдарды жана өлүктөрдү табуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Иш үчүн мааниси бар аныкталган предметтерди жана документтерди алып коюу зарыл болсо, эгерде алар кимде жана кайсы жерде экендиги так белгилүү болгондо, ошондой эле мүлктү конфискациялоо максатында аларды алып коюу жүргүзүлөт.

3. Тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт:

4. Эгерде тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөндөгүдөй учурларда жетиштүү негиздердин болгондугун далилдебесе, тергөө судьясы тинтүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартат:

1) кылмыш жана (же) жорук жасалса;

2) изделген буюм, документтер иш үчүн маанилүү болсо;

3) изделип жаткан буюмдарда, документтерде камтылган маалыматтар иш боюнча далил болушу мүмкүн болсо;

4) изделген буюмдар, документтер же адамдар көрсөтүлгөн жерде болсо.

5. Тинтүү сотко чейинки өндүрүшүн ар кандай учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Тинтүү жана алып коюу сүрөт-видео тартып алууларды пайдалануу менен, ал эми зарыл учурларда, ошондой эле адистин, котормочунун катышуусу менен жүргүзүлөт.

7. Жабырлануучулар, шектүүлөр изделген объектилерди таануунун зарылчылыгы болгондо, тинтүүгө, алып коюуга катышууга тартылышы мүмкүн.

8. Өзгөчө учурларда, изделүүчү же алып коюуга жаткан объект шашылбоонун кесепетинен аны табуу маанисин жоготушу, бузулушу же кылмыштык максаттарда пайдаланылышы, же болбосо изделүүчү адам жашынып калышы, тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечими жок жүргүзүлүшү, бирок кийин ага тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө 24 сааттын ичинде ага жөнөтүлүшү мүмкүн болгон объектини алып коюунун реалдуу коркунучу болгондо жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн кабарламаны, протоколду жана тинтүүнүн, алып коюунун жыйынтыктарында алынган башка материалдарды алгандан кийин, тергөө судьясы жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамдуулугун текшерет жана анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим чыгарат. Эгерде жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюнун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, андай аракетке иш боюнча далил катары жол берилиши мүмкүн эмес.

9. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын өндүрүшү жөнүндө токтомду тинтүү жүргүзгөн адамга көрсөтүүгө милдеттүү жана аларга иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон, алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди ыктыярдуу тапшырууну сунуштайт. Эгерде алар ыктыярдуу берилсе жана алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди катып коюудан коркуунун негизи жок болсо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы андан ары издөө жүргүзүүгө укуктуу. Тинтүү жүргүзүүдө менчик ээси ыктыярдуу ачуудан баш тарткан жабык имарат, бөлмөлөр жана сактоочу жайлар ачылышы мүмкүн. Мында эшиктердин жана башка предметтердин зарылчылык туулбаган бекитмелерин бузууга жол берилбөөгө тийиш.

10. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын өндүрүшү жөнүндө токтомду көрсөтүүгө милдеттүү жана алып коюуга жаткан предметтерди же (жана) документтерди өткөрүп берүүнү сунуштайт. Ыктыярдуу берилген объектилер алып коюлат жана ушуну менен алып коюу аяктайт. Баш тартылган учурда алып коюу мажбурлап жүргүзүлөт.

11. Жашаган адамдардын эркине каршы, алардын менчигинде же башка укугунда турган турак жайларды, бөлөк объектилерди, уюмдарды тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 165-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Жактоочунун, ошондой эле тинтүү жүргүзүлгөн имараттагы адамдын адвокатынын тинтүү жүргүзүүгө катышууга укугу бар.

12. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеген имараттарда, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашаган үйлөрдө тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 165-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

13. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тинтүүдө жана алып коюуда табылгандарды ошол үйдү ээлеген адамдардын жана башка адамдардын жеке турмушунун шарттарын ачыкка чыгарбоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

14. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн имараттагы жана жердеги адамдарга жана имаратка же ал жерге келген адамдарга аны таштап кетүүгө, ошондой эле тинтүү жана алып коюу аяктаганга чейин бири-бири менен же башка адамдар менен пикир алышууга тыюу салууга укуктуу.

15. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүдө тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ишке тиешеси болушу мүмкүн предметтерди жана документтерди алып коюу менен чектелүүгө тийиш. Жүгүртүүгө тыюу салынган предметтер жана документтер алардын ишке тиешелүүлүгүнө карабастан алып коюуга жатат.

16. Атайын таанып билүүсүз электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюу мүмкүн болбогондо, тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөндө маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөрүн алып коюу адис тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсинин жана анын ээ болуучунун өтүнүчү боюнча тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын макулдугу менен тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адис тарабынан алынып коюлган маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөрүнөн маалыматтарды көчүрмөлөө жүзөгө ашырылат. Маалыматтык электрондук алып жүрүүчүсү алып коюлган мыйзамдуу ээси же анын ээ болуучусу тарабынан берилген башка маалыматтын электрондук алып жүрүүчүлөрүнө маалыматтарды көчүрмөлөө жүзөгө ашырылат. Тинтүү жүргүзүүдө, эгерде бул жаратуусу жана (же) жосунду тергөөгө тоскоолдук жаратуусу мүмкүн болсо, же болбосо маалыматтарды жоготууга же өзгөртүүгө алып келсе, маалыматтарды көчүрмөлөөгө жол берилбейт.

Көчүрмөлөнгөн маалыматтар камтылган маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүлөрү алынып коюлуучу электрондук алып жүрүүчүлөрдүн маалыматтарынын мыйзамдуу менчик ээсине же колдонуучусуна өткөрүлүп берилет, бул жөнүндө протоколго жазылат.

17. Ишке тиешелүү болбогон буюмдар тиешелүүлүгүнө жараша кайтарылып берилүүгө жатат, бирок аларга залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн камак салынышы мүмкүн.

18. Бардык алып коюлуучу предметтер жана документтер тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адамдарга көрсөтүлөт, таңгакталат жана тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жерде мөөр басылат жана көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-206)
