# 204-берене. Таануу үчүн түзүлүүчү протокол

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 204-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-204

---

1. Таанууну жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт, анда таануучу адамды, буюмду же өлүктү тааныгандыгы боюнча белгилер коюлат же адам таанылуучуну, буюмду же өлүктү кайсы белгилери боюнча тааныгандыгынын жыйындысы боюнча белгиленет.

2. Ушул Кодекстин 203-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда, таануу үчүн берилген протоколдо, ушул беренеде келтирилген маалыматтардан тышкары, таануу үчүн коюлган адам таанылуучу адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда таануу үчүн жүргүзүлгөн белгилер милдеттүү белгиленет, таануу үчүн андай көрсөтүүнү ишке ашыруунун бардык жагдайлары жана шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле таануу үчүн берилген адамга таануунун өз жыйынтыктары кабарландырылат. Мындай учурда, тааныган адамдын анкеталык маалыматтары протоколго киргизилбейт жана өзүнчө сакталат.

3. Тергөө аракетинин жүрүшүн так жазып алуу техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт, мында таануу үчүн коюлган адамдардын, буюмдардын же өлүктүн сүрөттөрү жана видео жазуу материалдары протоколго тиркелет.

Ушул Кодекстин 203-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда, таанылган адам белгилениши мүмкүн болгон бардык сүрөттөр, көрмө жазып алуу материалдары аталган жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин материалдарынан өзүнчө сакталат.

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-205)
