203-берене. Таануу үчүн көрсөтүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Адамды таануу үчүн көрсөтүүнү баштоонун алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тааный турган адамдан ошол адамдын кебетеси жана белгилери жөнүндө сурайт, ал жөнүндө таануу үчүн көрсөтүү протоколуна белги коюлат. Эгерде адам адамды тааный турган белгилерди атай албагандыгын, бирок аны башка белгилеринин жыйындысы боюнча тааный ала тургандыгын билдирсе, анда протоколдо ал таанылуучуну кайсы белгилеринин жыйындысы боюнча тааный тургандыгы көрсөтүлөт. Тааный турганга таануу үчүн көрсөтүлө турган адамды алдын ала көрсөтүүгө жана ошол адамдын белгилери жөнүндө башка маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
2. Таануу үчүн көрсөтүү тааный турганга таануу үчүн көрсөтүлүүчү адамдарды көңүл буруп карап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу шарттарда жүргүзүлүшү керек, атап айтканда, тааный турганга таанылуучуларды кылдаттык менен карап чыгуу үчүн жетиштүү убакыт берүү; тааный тургандын талабы боюнча таанылуучуларды белгилүү бир абалда жайгаштыруу;
3. Арасында таанылуучу жүргөн башка адамдардын тергөө амалдарына катышуусу таануучунун алар менен тааныш эмес шартында жана алардын ыктыярдуу макулдугу менен гана болушу мүмкүн. Арасында таанылуучу адам көрсөтүлгөн чакырылган адамдарга тергөө амалдарынын максаттары жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.
4. Таанылуучу адам ошол эле жыныстагы башка адамдар менен бирге көрсөтүлөт, алар үчтөн кем эмес болот, курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктары болбошу керек. Адамды таануу үчүн көрсөтөөрдүн алдында, ага таануучу жок кезде башка көрсөтүлүүчү адамдардын арасында каалаган жерге туруусу сунушталат.
5. Эгерде тааный турган адам күбө же жабырлануучу болсо, ага көрсөтмө берүүдөн баш тартуу үчүн жана билип туруп жалган көрсөтмө берүүсү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылары эскертилип, анын өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө бербөөгө укугу түшүндүрүлөт.
6. Тааный турган адамга көрсөтүлгөн адамдарды карап чыгуу жана ал кимдир бирөөнү таанып жаткандыгын, эгерде тааныса кайсы белгилери боюнча тааныгандыгын түшүндүрүп беришин билдирүү сунушталат.
7. Таанылуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таануу таанылуучу адам тааный турган адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда, башкача айтканда, визуалдык жана аудиобайкоо жүргүзүү жок шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Зарыл болгон учурда таануу ушул берененин талаптарын сактоо менен сүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Таанууну сүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча жүргүзүү таануу үчүн адамды андан ары көрсөтүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
9. Таанылуучу адам түшкөн сүрөт тааный турганга башка сүрөттөр менен бирге көрсөтүлөт, алардын саны кеминде үчөө болууга тийиш жана алар сүрөттү кабылдоого олуттуу таасир эткен сапаттуу мүнөздөмөлөрү жана башка өзгөчөлүктөрү боюнча бири-биринен кескин түрдө айырмаланбашы керек. Башка сүрөттөрдөгү адамдар ошол эле жыныста болуп, таанылуучу адам менен жаш курагы, кебетеси жана кийими боюнча кескин айырмачылыктары болбошу керек. Ушул эле талаптар таанылуучу адамдын келбети бар видео материалдарга кирет жана алар мында кеминде үч адамдын келбети түшүрүлгөн шартта көрсөтүлүшү мүмкүн жана алар ошол эле жыныста болуп, таанылуучу адам менен жаш курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктары болбошу керек.
10. Адамды таануу үчүн көрсөтүүдө таанууну техникалык каражаттар менен белгилөө үчүн адистер, психологдор, педагогдор жана башка адистер тартылышы мүмкүн.
11. Үнүнүн, сүйлөшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча таанууда таануу үчүн адамды көрсөтүү таанылуучу адамдын тааный турган адамды көрбөгөн шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Эреже катары, адамдын өлүгү жалгыз көрсөтүлөт. Катастрофалар жөнүндө иштер жана курмандыктардын саны көп болгон башка иштер боюнча адамдын өлүгүн таануу үчүн көрсөтүү бардык каза болгондор менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда тергөөчүнүн көрсөтүүсү боюнча адамдын өлүгүн таануучуга көрсөтөөрдүн алдында, адис өлүктү гримдейт. Тергөөчүнүн адамдын өлүгүн ал турган жерде сакталышын камсыз кылуу жөнүндө көрсөтүүсү таануу үчүн көрсөтүүнү жүргүзүүгө зарыл болгон убакыттын ичинде аткаруу үчүн милдеттүү.
13. Предмет кеминде үч санда бир түрдүү предметтердин тобунда көрсөтүлөт, алар аталышы жана дайындалышы боюнча эле эмес, жалпысынан өлчөмү, формасы, модели жана өңү боюнча дал келиши керек. Окшош объекттерди табуу мүмкүн болбогон же кыйын болгон предметтерди таанууда, таануу жападан-жалгыз көрсөтүлгөн нускада жүргүзүлөт. Эгерде тааный турган адам ага көрсөтүлгөн предметтердин бирин көрсөтсө, ага ал кайсы белгилер же өзгөчөлүктөр боюнча ушул предметти тааныгандыгын түшүндүрүп берүү сунушталат.
14. Суракта иш үчүн маанилүү болгон документтерди таануу үчүн көрсөтөөрдүн алдында тааный тургандан сыянын өңү, реквизиттердин жайгашуусу, сызып оңдоолордун, түзөтүүлөрдүн болушу, тигил же бул тамгалардын же цифралардын графикалык жазылыштарынын өзгөчөлүктөрү суралат. Документ анын тышкы түрү, графиги жана текстин жалпы көрүнүшүнүн түспөлү боюнча таанылат. Жазуу (жалпы жана жеке) белгилери документти таануу үчүн негиз боло албайт. Документ таануучуга жападан-жалгыз нускада көрсөтүлүшү мүмкүн.
15. Жаныбарларды таануу предметтерди таануу үчүн окшош тактикада эле көрсөтүлөт. Аларды таануу жаныбарларда болгон тукумунун, жынысынын, жашынын жана башка нерселердин, айрыкча такасынын, тамгасынын, дене боюнун өзгөчөлүктөрүнүн жана деффектилеринин, үйрөтүлгөн өзгөчөлүктөрүнүн белгилери боюнча жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
203-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ошол адамдын кебетеси жана белгилери жөнүндө сурайт, ал жөнүндө алынып салынды: протокол түзүлөт. кошулду: таануу үчүн көрсөтүү протоколуна белги коюлат. Эгерде адам адамды тааный турган белгилерди атай албагандыгын, бирок … талабы боюнча таанылуучуларды белгилүү бир абалда жайгаштыруу;
алынып салынды: шарттардын жана жагдайдын таанылуучу адамды кабылдаган учурда болгон шарттар жана жагдайлар менен окшоштугу.
3. Арасында таанылуучу жүргөн башка адамдардын тергөө амалдарына … үйрөтүлгөн өзгөчөлүктөрүнүн белгилери боюнча жүргүзүлөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-203" title="203-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>