# 200-берене. Жабырлануучуну, күбөнү тергөө судьясы тарабынан суракка алуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 200-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-200

---

1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу сотко чейинки өндүрүш ишинин жери же катуу оорулуу жабырлануучунун, күбөнүн турган жери боюнча көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнгөн адамдардын катышуусунда соттук териштирүү мезгилинде жабырлануучуну, күбөнү суракка алуунун ушул Кодекстин 317, 318-беренелеринде каралган эрежелерин сактоо менен соттук отурумда соттук отурумда.

2. Эгерде шектүүнүн суракта катышуусу жабырлануучунун, күбөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирсе, шектелүүчү суракка чакырылбайт. Көрсөтмөлөрдү депонирлөөгө адамдарды чакырууну тергөө судьясы уюштурат, шектелүүчүнүн жактоочусу адамдардын суракка келүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнмө бере алат.

3. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу, эгерде суракка алуу жүргүзүлгөн учурда бир дагы адам шектелүүчү катары кармалбаса жана ошол жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектенүү жөнүндө кабарланбаса, коргоочу тараптын катышуусу жок эле, ушул берененин эрежелери боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

31. Тергөө судьясы жактоочу тараптын өтүнүчү боюнча өткөрүлүүчү соттук отурумга жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу алкагында тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын чакыра алат.

4. Чакыруу кагазын алган шектүүнүн келбей калышы суракка алууну жүргүзүүгө жолтоо болбойт. Эгерде чакырууну алган прокурор же жактоочу жүйөөсүз себептер боюнча келбесе жана бул жөнүндө сотко алдын-ала билдирсе, суракка алууну жүргүзүүгө жол берилбейт. Эгерде суракка алууну жүргүзүү жөнүндө өтүнгөн процесстин катышуучусу суракка келбесе же ал суракка алууну өтүнгөн адамды тергөөчү судьяга жеткирип бербесе, суракка алуу жүргүзүлбөйт.

5. Катуу оорулуу жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу үчүн көчмө соттук отурум өткөрүлүшү мүмкүн.

6. Суракка алуунун жүрүшүндө жашы жете элек жабырлануучуларга жана күбөлөргө психикалык жаракат келтирүүчү таасир көрсөтүүгө жол бербөө максатында алардын мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочусунун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан алар суракка алынышы мүмкүн.

7. Суракка алуу аяктагандан кийин тергөө судьясы жабырлануучунун, күбөнүн, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө соттук отурумдун протоколун жазык ишинин материалдарына тиркөөгө жөнөтөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-201)
