# 199-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 199-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-199

---

1. Далилдерди депонирлөө зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнмө берет. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн зарылдыгын тастыктаган жазык ишинин материалдарын кайрылууга тиркейт.

2. Тергөө судьясы өтүнмөнү алган учурдан тартып 3 сутканын ичинде карайт жана анын жыйынтыктары боюнча өтүнмөнү канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү токтом чыгарат. Өтүнмө канааттандырылган учурда судья 3 суткадан кечиктирбестен сурак жүргүзөт, бул жөнүндө прокурорго, жактоочуга жана жактоочу тараптан процесстин катышуучусуна кабарландырылат.

3. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому апелляциялык түрдө даттанылышы мүмкүн.

4. Өтүнмөнү канааттандыруудан тергөө судьясынын баш тартуусу көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнмөдө сотко жөнөтүү үчүн негиздердин бар экендигин көрсөткөн шарттар келип чыккан учурда тергөөчүгө кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-200)
