199-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн кароо тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 26-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Далилдерди депонирлөө зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнмө берет. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн зарылдыгын тастыктаган жазык ишинин материалдарын кайрылууга тиркейт.
2. Тергөө судьясы өтүнмөнү алган учурдан тартып 3 сутканын ичинде карайт жана анын жыйынтыктары боюнча өтүнмөнү канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү токтом чыгарат. Өтүнмө канааттандырылган учурда судья 3 суткадан кечиктирбестен сурак жүргүзөт, бул жөнүндө прокурорго, жактоочуга жана жактоочу тараптан процесстин катышуучусуна кабарландырылат.
3. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому апелляциялык түрдө даттанылышы мүмкүн.
4. Өтүнмөнү канааттандыруудан тергөө судьясынын баш тартуусу көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнмөдө сотко жөнөтүү үчүн негиздердин бар экендигин көрсөткөн шарттар келип чыккан учурда тергөөчүгө кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
199-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, алынып салынды: жактоочу жана жактоочулар тарабынан процесстин катышуучулары көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнмө … келип чыккан учурда тергөөчүгө кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-199" title="199-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>