# 198-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн негизи

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 198-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-198

---

1. Жактоочунун жана жактоо тарабынын процесске катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча судья сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучуну, күбөнү аларга жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө суракка алат. Жактоочу жана жактоо тарабынын процесске катышуучулары депонирлөө жөнүндө өтүнмө менен түздөн-түз сотко кайрылат.

2. Ишти маңызы боюнча кароодо сотко чейинки өндүрүштө же сот отурумунда жабырлануучуну, күбөнү кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучка, анын катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон өзгөчө учурларда, мындай жабырлануучу, күбө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-197)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-199)
