# 195-берене. Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 195-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-195

---

1. Бир эле иш боюнча чакырылган күбөлөр жана жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.

2. Сурактын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбөнүн жана жабырлануучунун ким экендигин билет, алардын шектүүгө карата мамилесин аныктайт, аларга процесстик укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрөт, көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертет.

Мында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбө же жабырлануучу өздөрүн же жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого айыптаган көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Күбөгө же жабырлануучуга укуктары жана милдеттери, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четке каккандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө протоколго белги коюлат, ал суракка алынуучу адамдын кол коюусу аркылуу күбөлөндүрүлөт.

3. Суракка катышкан күбөнүн жактоочусу ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган укуктарды колдонот.

4. Күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу ушул Кодекстин 191-беренесинде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-194)  
Кийинки берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-196)
