# 194-берене. Видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 194-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-194

---

1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу аны сотко чейинки өндүрүштүн ошол эле, же ошол областтагы, анын кайсы аймагында, же кайсы жеринде жашаган органына чакыруу жана видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Суракка алуунун жүрүшүндө тикелей көрсөтүүнүн процесстик аракетинин катышуучулары суракка алынуучу адамдын көрсөтмөлөрүн түздөн-түз кабыл алышат.

2. Дистанциялык суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) адамдын сотко чейинки өндүрүш органына жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш териштирилген жерде ден соолугунун абалы же башка жүйөөлүү себептер боюнча түздөн-түз келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;

2) ишти соттук кароодо адамдын коопсуздугун камсыздоо зарыл болгондо;

3. Дистанциялык суракка алуу жөнүндө чечим өз демилгеси боюнча же процесстин катышуучуларынын өтүнүчү боюнча иш өндүрүшүндө болгон тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө дистанциялык суракка алууну жүргүзүү жөнүндө чечим тараптардын өтүнүчү боюнча сот тарабынан кабыл алынат, бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом (аныктама) чыгарылат.

4. Дистанциялык суракка алууда пайдаланылган техникалык каражаттар жана технологиялар көрсөтүүнүн жана үндүн ойдогудай сапатын, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга тийиш. Сурактын катышуучуларынын дистанциялык суракка алууга катышкан адамдарга суроолорду берүү жана жооп алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

5. Видео байланыш режиминде өткөрүлгөн суракка алуунун жүрүшү жана жыйынтыктары ошол райондун же областтын суракка алына турган аймактагы тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык чагылдырылат. Дистанциялык суракка алуунун протоколунда дистанциялык суракка алууну видеого жазып алуулар техникалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белги коюлат. Суракка алуунун жүрүшүндө келип чыккан техникалык бузулуулар протоколго киргизилет. Протоколго толуктоону же тактоону киргизүү боюнча суракка алынуучу койгон талап милдеттүү аткарылууга жатат. Протоколго кол коюлгандан кийин, ал 24 сааттын ичинде аталган иш өндүрүшүндө болгон тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүлөт.

6. Адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, анын берген өтүнмөсү боюнча таанып коюуну жокко чыгарган өңүн жана үнүн өзгөртүү менен видео байланыш режиминде суракка алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-195)
