Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
193-берене. Суракта үн-жана видеожазууну колдонуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча шектүүнү, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн-жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн-жана видео жазуу ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн.
2. Үн-видео жазып алууларды (жазып алуулардын техникалык каражаттарын) колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат:
1) жашы жете электерди;
2) суракка алуунун протоколундагы өз көрсөтмөлөрүнүн жазууларын окуй ала турган абалда болбогон азиз, сабатсыз, билими аздарды;
3) котормочу аркылуу суракка алынган адамдарды;
4) өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иш боюнча айыпталуучуларды;
5) эксперт-психиатрлар тарабынан изилдөөгө муктаж адамдарды;
6) шектүүлөрдүн, кылмыш жасагандыгы жөнүндө моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүдө.
3. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы үн-жана видео жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алып, бул жөнүндө сурак башталганга чейин суракка алынуучуга билдирет.
4. Үн-жана видео жазып алуулар суракка алуунун бүткүл жүрүшүндөгү маалыматтарды чагылдырууга тийиш. Суракка алуу бөлүгүнүн үн-жана видео жазып алуулары, ошондой эле ошол эле суракка алуунун жүрүшүндөгү маалыматтарды жазып алуу үчүн атайын көрсөтмөлөрдүн кайталанылышына жол берилбейт.
5. Сурак аяктагандан кийин үн жана видео жазуу суралып жаткан адамга толугу менен уктурулат. Көрүү же угуу аяктагандан кийин суралып жаткан адамдын өзү айткандарга кошумчасы бар же жок экендиги, анын жазуунун тууралыгын күбөлөндүрө тургандыгы аныкталат. Суралып жаткан адамдын үн-жана видео жазууга кошумчаланган көрсөтүүлөрү да фонограмма менен көрмө жазууга киргизилет. Үн-жана видео жазуу суралып жаткан адамдын алардын тууралыгын күбөлөндүргөн билдирүүсү менен аяктайт.
6. Үн-жана видео жазууну колдонуу менен сурактын жүрүшүндө алынган көрсөтүүлөр ушул Кодекстин эрежелерине ылайык сурак протоколуна киргизилет. Сурак протоколунда үн-жана видео жазууну колдонуу жөнүндө жана бул тууралуу суракка алынуучуга кабарлангандыгы жөнүндө; техникалык каражаттар, үн-жана видео жазуунун шарттары жөнүндө маалыматтар; суралып жаткан адамга карата үн-жана видео жазууну колдонуу жаатында суралып жаткан адамдын билдирүүсү; протоколдун жана үн-жана видео жазуунун тууралыгын суралып жаткан адам менен тергөөчүнүн ырастоосу камтылууга тийиш. Фонограммалар жана видеограммалар иш учурунда сакталып, мөөр коюлуп бекитилет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча шектүүнү, алынып салынды: айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн-жана видео жазуу … тарабынан изилдөөгө муктаж адамдарды;
6) шектүүлөрдүн, алынып салынды: айыпталуучулардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүдө.
3. … жана видеограммалар иш учурунда сакталып, мөөр коюлуп бекитилет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-193" title="193-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>