Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
191-берене. Суракты жүргүзүүнүн жалпы эрежелери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сурактын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды аныктоого тийиш. Эгерде суралып жаткан адам иш боюнча териштирүү жүргүзүлүп жаткан тилде сүйлөрү шек туудурса, ал кайсыл тилде көрсөтмө берүүнү каалай тургандыгы аныкталат.
2. Суракка чакырылган адамга анын ушул Кодексте каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, ал жөнүндө протоколго белги коюлат. Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адамдар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет.
3. Дудук же дүлөй күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу сурдокотормону билген адамдын катышуусу менен ишке ашырылат. Бул адамдын суракка катышуусу протоколдо чагылдырылат. Суралып жаткан адамда психикалык же башка оор оорусу болгон учурда, сурак врачтын уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.
4. Сурак иштин жагдайлары жөнүндө суралып жаткан адамга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө айтып берүүнү сунуш кылуудан башталат. Эгерде суралып жаткан адам ишке такыр эле тиешеси жок жагдайлар жөнүндө айтса, ага бул тууралуу эскертилет.
5. Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Ошондой эле эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адам өзүнүн көрсөтмөсүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Суралып жаткан адам көрсөтмөсүн өз колу менен жазып, ага кол койгондон кийин тергөөчү толуктоочу жана тактоочу суроолорду берет. Багыттама суроолорду берүүгө тыюу салынат.
6. Ар кандай берилүүчү суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска болууга тийиш, тергөөчүнүн ырастоолорун жана баалоолорун камтууга тийиш эмес. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка мыйзамсыз таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мыйзам менен белгиленген жазык жоопкерчилигине алып келет.
7. Эгерде көрсөтмөлөр эстеп калууга кыйын болгон цифралык маалыматтар же башка маалыматтар менен байланыштуу болсо, суралып жаткан адам документтерди жана жазууларды пайдаланууга укуктуу, алар суралып жаткан адамдын өтүнмөсү же макулдугу боюнча протоколго тиркелиши мүмкүн.
8. Эгерде сурактын жүрүшүндө суралып жаткан адамга буюм далилдери жана документтер көрсөтүлүп, башка тергөө амалдарынын протоколдору айтылып жана башка тергөө амалдарынын аудио жана (же) видео жазууларынын материалдары жүргүзүлсө, анда суракка алуунун протоколунда бул жөнүндө тиешелүү жазуу түшүрүлөт. Мында протоколдо суралып жаткан адамдын көрсөтмөлөрү, коюлган далилдер, жарыя кылынган протоколдор, тергөө амалдарында коюлган аудио жана (же) видеожазуулар боюнча маалыматтар чагылдырылат.
9. Суракта мыйзамды бузуу менен алынган далилдерди көрсөтүүгө болбойт.
10. Адам коюлган шарттарда мыйзамда тикелей тыюу салынган (дин тутуу жашыруун сыры, дарыгердик жашыруун сыр, жактоочунун кесиптик жашыруун сыры, кеңешме бөлмөсүндөгү жашыруун сыр) жүйөлөр боюнча же аны, жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого шектенүү, айыптоо үчүн негиз болушу мүмкүн болгон, ошондой эле атайын тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдарга жана сотко чейинки өндүрүш органдары менен жашыруун кызматташып жатат деген адамдарга карата маселелер боюнча жооп бербөөгө укуктуу.
11. Бир же ошол эле жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча чакырылуучу адамдар бөлөк-бөлөк суракка алынат, мында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алар сурак жүргүзгөнгө чейин өз ара пикир алышпоосу үчүн ар бирине өзүнчө чара колдонот.
12. Дипломатиялык кол тийгистик укугуна ээ болгон адамдар алардын өтүнүчү же алардын макулдугу боюнча гана суракка алынат.
13. Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган өз көрсөтмөлөрүн жайылтпоо жөнүндө суракка алынгандан кол койдуруп алууга укуктуу.
14. Зарыл болгон учурларда кошумча, же кайталап суракка алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кошумча суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: суракка алуунун узактыгы суракка алынган адамдын иштин ага белгилүү болгон бардык шарттары жөнүндө көрсөтмө бериши үчүн жетишсиз болуп калса; суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн толуктоону каалагандыгын билдирсе; иштин шарттары боюнча ал мурда берген көрсөтмөлөрүн тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыкса. Кайталап суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: мурда суракка алынган адамга карата иш үчүн олуттуу жаңы маселелер келип чыкса; суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү каалагандыгын билдирсе; биринчи суракка алууда берген көрсөтмөлөрүнөн ал баш тарткан учурда, айыпталуучунун (шектелүүчүнүн) өзүнүн өтүнүчү боюнча.
15. Сурак үзгүлтүккө учураганда протоколдо анын себеби чагылдырылып, ал суралып жаткан адамдын, ага катышкан адамдардын жана тергөөчүнүн коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-191" title="191-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>