# 190-берене. Суракка алуу жайы жана убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 190-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-190

---

1. Сурак сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жер боюнча жүргүзүлөт. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы муну зарыл деп тааныса суракты суракка алынып жаткан адам турган жерде жүргүзүүгө укуктуу.

2. Суракка алуу 4 сааттан ашык үзгүлтүксүз жүрүшү мүмкүн эмес. Суракка алууну улантууга эс алуу жана тамак ичүү үчүн кеминде бир саатка тыныгуудан кийин жол берилет, мында күн ичинде суракка алуунун жалпы узактыгы 8 сааттан ашпоого тийиш.

3. Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда суракка алуунун узактыгы врачтын корутундусунун негизинде белгиленет.

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-191)
