# 189-берене. Суракка чакыруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 189-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-189

---

1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүүнүн убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себепсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Чакыруу кагазы чакырылып жаткан адамга кол койдуруу аркылуу берилет. Чакырылып жаткан адам жок болсо, чакыруу кагазы ага берүү үчүн, анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине кол койдуруп алуу менен тапшырылат.

Адам суракка уюлдук, электр жана почта байланышынын башка каражаттарын пайдалануу менен чакырылышы мүмкүн. Уюлдук жана электр байланыш каражаттары аркылуу чакырылган адамдын суракка келбей коюусу алдырып келүү үчүн негиз болбойт.

3. Суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө, же келбей калган себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Суракка чакырылган адам жүйөсүз себептер боюнча келбей калган учурда, мажбурлап алып келиниши мүмкүн.

4. Камакта кармалган адамдар камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу суракка чакырылат.

5. Жашы жетпеген адамды күбө же жабырлануучу катары чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

6. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-190)
