# 188-берене. Шектүүгө, айыпталуучуга, жабырлануучуга жана күбөгө экспертизанын корутундусун берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 188-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-188

---

1. Сотко чейинки өндүрүш бүткөнгө чейин корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттин корутундусу же анын кабарламасы экспертизанын тыянактары боюнча өз түшүндүрмөлөрүн жана каршы пикирлерин берүүгө укуктуу болгон шектүүгө, жабырлануучуга, ошондой эле экспертизага алынган күбөгө берилет. Андай өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу болгон учурда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тиешелүү токтом чыгарат, өтүнүч берген адамга кол койдуруп билдирилет.

2. Эксперттин корутундусу менен таанышкандыгы жөнүндө протокол түзүлөт, анда жасалган билдирүүлөр жана каршы пикирлер чагылдырылат.

3. Ушул берененин эрежелери адамды шектелүүчү же жабырлануучу деп тааныганга чейин экспертиза жүргүзүлгөн учурларда да колдонулат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-189)
