# 187-берене. Экспертти суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 187-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-187

---

1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, сот өз демилгеси боюнча же ушул Кодексте көрсөтүлгөн адамдын өтүнүчү боюнча, төмөндөгүлөр зарыл болгон учурларда, экспертти суракка алууга укуктуу:

1) атайын терминдер же корутундунун мазмунуна киргизилген баяндамалар боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу;

2) тыянактардын жана изилдөө бөлүгүнүн ортосунда болгон айырмачылыктарды четтетүү;

3) изилдөөнүн пайдаланылган усулдары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;

4) эксперттердин ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктердин себептерине жүйө келтирүү;

5) кошумча изилдөөлөрдү талап кылбаган эксперттин корутундусундагы маселелерди ачыктоо.

2. Экспертти аларга корутунду берилгенге чейин суракка алууга жол берилбейт.

3. Эксперт аталган экспертизанын предметине кирбеген маалыматтардын жүйөлөрү боюнча суракка алынышы мүмкүн эмес.

4. Экспертти суракка алуу протоколу ушул Кодекстин 192-беренесинин талаптарын сактоо менен түзүлөт.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-188)
