# 184-берене. Салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү алуунун негиздери жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 184-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-184

---

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү эгерде эксперттин алдына чечүүгө коюлган маселелер үчүн эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо, тирүү адамдын, өлүктүн, жаныбардын, өсүмдүктүн, предметтин, материалдын же буюмдун мүнөздүү өзгөчөлүгүн чагылдырган үлгүлөрдү алууга укуктуу.

2. Үлгүлөрдүн алынгандыгы жөнүндө жүйөөлүү токтом чыгарылат, анда үлгүлөрдү ала турган адам; үлгүлөр алына турган адам (уюм); кандай жана канча санда алынууга тийиш болгон үлгүлөр; үлгүлөрдү алуу үчүн адамдын качан жана кимге барууга тийиш экендиги; алар алынгандан кийин үлгүлөр качан жана кимге берилүүгө тийиш экендиги көрсөтүлүшү керек.

3. Үлгүлөр шектүүдөн, жабырлануучудан, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн адамдан алынышы мүмкүн. Шектүүдөн, жабырлануучудан үлгүлөр алардын макулдугу менен алынышы мүмкүн, алар баш тарткан учурда тергөө судьясынын чечиминин негизинде андай үлгүлөр инсандын ар-намысын жана беделин урматтоого карата укуктарды бузуу менен коштолбогон учурларда алынат.

4. Үлгүлөр күбөдөн анын макулдугу менен гана алынышы мүмкүн.

5. Адамдан төмөндөгү өзгөчөлүктөрү чагылдырылган үлгүлөр алынышы мүмкүн:

1) биологиялык - каны, чачы, шилекейи, денесинен чыккан суюктуктар;

2) психофизикалык-кол жазуусу;

3) анатомиялык-терисинин издери, тиш каптары, үнүнүн өзгөчөлүктөрү.

6. Өлүктү кароодо изилдөө үчүн материалдык үлгүлөр алынышы мүмкүн.

7. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өзүнө адамды чакыртып алат же ал турган жерге барат, аны токтом менен кол койдуруп же үлгүлөрдүн алынгандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна келип түшкөн маалыматтар менен тааныштырат, ал адамга, адиске, эгерде алар берилген болсо, баш тартуу жөнүндө маселени чечүү укугун жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү зарыл аракеттерди жүргүзөт жана эксперттик изилдөө үчүн үлгүлөрдү алат.

8. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жеке, ал эми зарыл болгондо врачтын, башка адистин катышуусу менен, эгерде бул үлгү алуу карама-каршы жыныстагы адамды жылаңачтоо менен байланышпаса жана өзгөчө кесиптик көндүмдөрдү талап кылбаса, үлгүлөрдү алууга укуктуу.

9. Үлгүлөрдү алуу эксперттик изилдөөлөрдүн бөлүгү болуп саналган учурларда, ал эксперт тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

10. Үлгүлөр врач же адис тарабынан алынышы мүмкүн, бул үчүн тергөөчү аларга тиешелүү адамды, ошондой эле андан үлгүлөрдү алуу жөнүндө токтомду жөнөтөт.

11. Врач же башка адис эксперттик изилдөө үчүн зарыл аракеттерди жүргүзөт жана үлгүлөрдү алат. Үлгүлөр таңгакталат, үлгүлөрдү алган адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана иш анын өндүрүшүндө болгон тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүлөт.

12. Өлүктөн үлгүлөрдү алуу аны кароодо жана эксгумациялоодо жүзөгө ашырылат.

13. Үлгү катары чийки заттардын, продукциялардын жана буюмдун тегин же жеке физикалык, же болбосо химиялык касиеттерин берүүчү башка материалдардын сынамдары алынышы мүмкүн.

14. Изилдөө процессинде эксперт тарабынан эксперименталдык үлгүлөр даярдалышы мүмкүн, бул жөнүндө корутунду берилет. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы мындай үлгүлөрдү даярдоого катышууга укуктуу, бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат. Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин эксперт үлгүлөрдү өз корутундусуна таңгакталган жана мөөр басылган түрдө тиркейт.

15. Эгерде жаныбарлардан изилдөө үчүн үлгүлөрдү алуунун зарылдыгы келип чыкса тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ветеринарга же башка адиске тиешелүү токтом жөнөтөт.

16. Үлгүлөрдү алуунун усулдары жана илимий-техникалык каражаттары адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш. Өтө оорута турган татаал медициналык жол-жоболорду же ыкмаларды колдонууга үлгүлөр алына турган ошол адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет, ал эми эгерде ал жашы жете элек болсо же психикалык оорудан жапа чексе, анда анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен алууга тийиш.

17. Алынган үлгүлөр таңгакталат жана мөөр басылат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы аларды үлгүлөрдү алуу протоколу менен бирге тиешелүү экспертке жөнөтөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-183)  
Кийинки берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-185)
