# 183-берене. Экспертизанын объекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 183-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-183

---

1. Экспертизанын объектилери болуп буюм далилдери, документтер, адамдын дене бою жана психикалык абалы, өлүктөр, жаныбарлар, үлгүлөр, ошондой эле иш үчүн мааниси бар башка объектилер, жазык ишинин жана (же) жорук жөнүндө иштин материалдарында камтылган экспертизанын предметине тиешелүү маалыматтар саналышы мүмкүн.

2. Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертизаны дайындаган орган кепилдик берет.

3. Эгерде көлөмү жана мүнөздүү өзгөчөлүгү мүмкүндүк берсе, эксперттик изилдөө объекттери экспертке таңгакталган жана мөөр басылган түрдө берилет. Башка учурларда экспертизаны дайындаган адам экспертти изилдөө объекттери турган жерге алып келүүнү, аларга тоскоолдуксуз кирүүнү жана изилдөөнү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы керек.

4. Экспертизанын объекттерин колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-182)  
Кийинки берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-184)
