# 182-берене. Кошумча жана кайталап жүргүзүлгөн экспертизалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 182-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-182

---

1. Кошумча экспертиза биринчи экспертизаны жүргүзүүдө алынган корутунду анчалык так же толук болбогондо, ошондой эле жаңы кошумча маселелерди чечүү зарылдыгы келип чыкканда дайындалат.

2. Кошумча экспертизаны жүргүзүү тигил же бул экспертке тапшырылышы мүмкүн.

3. Кайталап жүргүзүлгөн экспертиза эксперттин буга чейинки корутундусу жетиштүү түрдө негизделбесе, же анын корутундулары иштин факт жүзүндөгү жагдайларына карама-каршы келсе жана анын тууралыгына шектенүү болсо, же экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү жөнүндө процесстик ченемдер олуттуу түрдө бузулган учурларда ошол эле объекттерди изилдөө жана ошол эле маселелерди чечүү үчүн дайындалат.

4. Кайталанган экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо мурдагы экспертизанын натыйжалары менен макул болбоонун жүйөлөрү милдеттүү түрдө келтирилүүгө тийиш.

5. Кайталанган экспертизаны жүргүзүү башка экспертке же эксперттердин комиссиясына жүктөлөт.

6. Кошумча жана кайталанган экспертизага экспертизаларды жүргүзүүдө экспертке (эксперттерге) мурдагы экспертизалардын корутундулары берилиши керек.

7. Эсеби боюнча экинчи же андан кийинки экспертиза бир нече негиздер боюнча дайындалган учурда, алардын бири кошумча экспертизага, ал эми башкасы кайталанган экспертизага таандык болот, мындай экспертиза кайталанган экспертизаны жүргүзүү эрежелери боюнча ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-183)
