# 18-берене. Тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 18-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-18

---

1. Жазык сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүргүзүлөт.

2. Айыптоо, актоо жака сот тарабынан ишти чечүү бири-биринен өзүнчө бөлүнгөн жана ар кандай органдар жана адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Сот калыстыкты жана объективдүүлүктү сактоо менен, тараптардын процесстик укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

4. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу тараптар тең укуктуу. Сот процесстик чечимди аны изилдөөгө катышуу ар бир тараптын бирдей катышуусу камсыз кылынган далилдерге гана негиздейт.

5. Тараптар жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө өзүнүн позициясын, аны жактап калуунун ыкмаларын жана каражаттарын өз алдынча жана сотко, башка органдарга жана жактарга көз каранды болбостон тандап алат. Сот тараптын өтүнүчү боюнча, ушул Кодексте каралган тартипте ага зарыл материалдарды алууга көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-19)
