# 179-берене. Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемелерге жаткыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 179-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-179

---

1. Эгерде соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизаны дайындоодо же жүргүзүүдө шектүүнү же айыпталуучуну стационардык изилдөөнүн зарылдыгы пайда болсо, анда ал медициналык же психиатриялык стационарга жаткырылышы мүмкүн.

2. Камакта жатпаган шектүү же айыпталуучу соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүү үчүн, ушул Кодексте белгиленген тартипте кабыл алынуучу соттук чечимдин негизинде медициналык же психиатриялык стационарга жаткырылат.

3. Саламаттык сактоо органдарынын карамагында турган медициналык же психиатриялык стационарда болуу камакта кармоо менен теңдештирилет. Мында соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү 30 суткадан ашпоого тийиш.

4. Адамдын медициналык стационарда жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө эксперттин же эксперттер комиссиясынын өтүнмөсү белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин 7 суткадан кечиктирилбестен, стационардын орун алган жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Судья өтүнмөнү алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кароого жана өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарууга милдеттүү, анын көчүрмөсү экспертке же эксперттер комиссиясына жөнөтүлөт. Медициналык стационарда адамдын болуу мөөнөтүн узартуудан судья баш тарткан учурда шектүү, айыпталуучу, андан чыгарылып салынууга тийиш. Медициналык стационардын жетекчиси судья тарабынан берилген өтүнмө жана чыгарылган токтом жөнүндө стационарда болгон адамга, анын жактоочусуна, мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле экспертиза дайындаган тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына билдирүүгө милдеттүү.

5. Жабырлануучуну, күбөнү медициналык уюмга жайгаштырууга ушул Кодекстин 171-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет. Эгерде аталган адамдын жашы жете элек болсо же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, жазуу жүзүндөгү макулдук мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилет. Мыйзамдуу өкүл каршы болгон же ал жок болгон учурда жазуу жүзүндөгү макулдук балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

6. Экспертиза дайындап, адамды медициналык стационарга мажбурлоо тартибинде жайгаштырган тергөөчү же тергөө судьясы бул жөнүндө анын жакын туугандарына, жубайына же анын өтүнүчү боюнча башка адамдарга 24 сааттын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-180)
