Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
178-берене. Экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы эксперттик уюмдан тышкары өткөрүлүүчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарылганга чейин ал экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенген эксперттин инсандыгын, ошондой эле анын аталган тармактагы тажрыйбасын жана компетенттүүлүгүн тастыктоого, анын шектүү, жабырлануучу жана экспертизага дуушар болгон адам менен мамилесин тактоого, ошондой эле эксперттен баш тартууга негиздердин жоктугун текшерүүгө милдеттүү.
2. Зарыл маалыматтарды аныктагандан кийин тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага ушул Кодекстин 59-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылары жөнүндө эскертет. Бул аракеттердин аткаруусу жөнүндө тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго белги коёт, ал эксперттин колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.
3. Эксперт тарабынан жасалган билдирүүлөр жана анын өтүнмөлөрү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт. Эксперттин өтүнүчүн четке кагуу жөнүндө экспертизаны дайындаган адам жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.
4. Эксперттин (эксперттердин) ага экспертизанын предметине тиешеси бар иштин материалдары менен таанышууга мүмкүндүк берүү жөнүндө; ага корутунду берүү үчүн зарыл кошумча материалдарды берүү жөнүндө; башка тергөө амалдарын жүргүзүүдө жана суракка алууда катышууга жана ишти туура териштирүү жана чечүү үчүн мааниге ээ болгон экспертизанын предмети боюнча суракка алынып жаткандарга суроого берүүгө уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтөрү милдеттүү түрдө канааттандырылууга тийиш.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тармактагы тажрыйбасын жана компетенттүүлүгүн тастыктоого, анын алынып салынды: айыпталуучу, шектүү, жабырлануучу жана экспертизага дуушар болгон адам менен … берүү жөнүндө өтүнүчтөрү милдеттүү түрдө канааттандырылууга тийиш.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-178" title="178-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>