# 174-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн, жактоочунун жана жабырлануучунун өкүлүнүн экспертизаны дайындоодогу жана жүргүзүүдөгү укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 174-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-174

---

1. Экспертиза дайындоодо жана жүргүзүүдө шектелүүчү, айыпталуучу жана алардын коргоочусу, жабырлануучу жана анын өкүлү төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) экспертиза дайындоо жөнүндө токтом менен таанышууга;

2) экспертти четтетүүнү билдирүүгө;

3) алар көрсөткөн адамдарды эксперт катары тартуу, ошондой эле эксперттердин комиссиясы тарабынан экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө;

4) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго экспертке кошумча маселелерди киргизүүнү же коюлгандарды тактоону өтүнүүгө;

5) соттук экспертиза жүргүзүүдө тергөөчүнүн уруксаты менен катышууга, экспертке түшүндүрмө берүүгө;

6) эксперттин корутундусу же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү, ошондой эле экспертти суракка алуу протоколу менен таанышууга.

2. Соттук экспертиза жүргүзүлгөн күбө эксперттин корутундусу менен таанышууга укуктуу.

3. Жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн, ошондой эле жасалган кылмыштан жабыр тарткан адамдардын экспертизасы алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Эгерде бул адамдардын жашы жете элек болсо же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан экспертиза жүргүзүүгө жазуу жүзүндө макулдук берилет. Аталган эреже ушул Кодекстин 171-беренесинде каралган учурларда экспертиза жүргүзүүгө жайылтылбайт.

4. Экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз, бирок экспертиза предметине кирген түшүндүрмөлөрдү бере алышат. Эгерде экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучусу эксперттин ишине жолтоолук кылган учурда, эксперт изилдөөнү токтотууга жана процесстин көрсөтүлгөн катышуучусуна уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын алдында өтүнмө жасоого, экспертиза жүргүзүүгө катышууга укуктуу.

5. Соттук психиатриялык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаны жүргүзүү купуя шартта ишке ашырылат.

6. Жылаңачтоо менен коштолгон адамга карата соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошол жыныстагы адамдар гана катыша алат. Бул чектөө аталган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуучу врачтарга жана башка медициналык кызматкерлерге жайылтылбайт.

7. Эксперт корутунду түзүүдө, ошондой эле экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп, соттук эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүүнүн стадиясында процесстин катышуучуларына катышууга жол берилбейт.

8. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген өтүнмө канааттандырылган учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертиза дайындоо жөнүндө өзүнүн токтомун тиешелүү түрдө өзгөртөт же толуктайт. Өтүнмө канааттандыруудан баш тартылган учурда токтом чыгарат, ал өтүнмө берген адамдын колун койдуруп алуу менен ага билдирилет.

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-175)
