# 173-берене. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын экспертиза жүргүзүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 173-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-173

---

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү тирүү адамдардын экспертизасын кошпогондо, экспертиза жүргүзүүгө катышууга жана алар жүргүзгөн аракеттер боюнча эксперттен түшүндүрмө алууга укуктуу.

2. Эксперт тарабынан эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүүнүн баскычында корутунду түзүүдө, ошондой эле, эгерде экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлсө, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуусуна жол берилбейт.

3. Экспертиза жүргүзүүдө тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуу фактысы эксперттин корутундусунун киришүү бөлүгүндө чагылдырылат.

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-174)
