# 171-берене. Экспертизаны дайындоонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 171-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-171

---

1. Экспертиза иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлар илимге таянган атайын билимдердин негизинде, эксперт тарабынан жүргүзүлгөн материалдарды изилдөөнүн натыйжасында белгилениши мүмкүн болгон учурларда дайындалат. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарда ушундай билимдердин болушу, тергөө судьясын, сотту, тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын тиешелүү учурларда экспертизаны дайындоо зарылдыгынан бошотпойт.

Иштин укуктук маселелерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Эгерде жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл болсо, соттук экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү милдеттүү болуп саналат:

1) өлүмдүн себеби;

2) ден соолукка келтирилген зыяндын мүнөзү жана деңгээли;

3) эгерде шектүүнүн, айыпталуучунун акыл-эси жайында экендиги же жазык сот өндүрүшүндө өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоого жөндөмдүүлүгү шек туудурса, анын психикалык же дене боюнун абалы;

4) эгерде жабырлануучунун, күбөнүн жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды туура кабылдоо жана көрсөтмө берүү жөндөмдүүлүгүнөн шектенүү келип чыкса, анын психикалык же дене боюнун абалы;

5) эгерде бул жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниге ээ болсо, ал эми анын курагын ырастоочу документтер жок болсо же шек жаратса, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун курагы;

6) башка далилдер менен анык белгилениши мүмкүн болбогон башка жагдайлар.

3. Медициналык же психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн мажбурлап тартуу тергөө судьясынын токтому боюнча жүргүзүлөт.

4. Зарыл болгон учурда ушул Кодекстин 99-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 116-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, шектүүнүн же айыпталуучунун соттук-медициналык экспертизасы мамлекеттик эксперттер сыяктуу эле мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-172)
