# 167-берене. Өлүктү карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 167-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-167

---

1. Тергөөчү адамдын өлүгүн кароону ал табылган жерде ушул Кодекстин 165-беренесинин талаптарын сактоо жана соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жүргүзөт. Эгерде эксперттин катышуусу мүмкүн болбосо, анда медицина чөйрөсүндөгү башка адис тартылат. Өлүктү кароо үчүн зарыл болгондо, башка адистер да тартылышы мүмкүн.

2. Өлүктү сыртынан кароо кийин соттук-медициналык экспертизаны дайындоонун жана жүргүзүүнүн болушун алмаштырбайт жана жокко чыгарбайт.

3. Таанылбай калган өлүктөр милдеттүү фотосүрөткө тартылууга, дактилоскопияланууга жана өлүктүн ким экендигин кийин аныктоо үчүн ткандарынын үлгүсүн алууга жатат.

4. Өлүктү кошумча же болбосо кайталап кароону жүргүзүү зарыл болгон учурда, соттук-медициналык эксперттин катышуусу милдеттүү болот.

5. Өлүктү кароо процессинде жасалган өлгөндү таануу жөнүндө жарандардын билдирүүлөрү, кийин билдирүүчүнү күбө катары суракка алуу менен ал тергөө аракетинин протоколуна киргизилет, мунун өзү өлүктү башка адамдардын таанышы үчүн андан ары көрсөтүүгө бөгөт кылбайт.

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-168)
