# 166-берене. Буюм далилдерин карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 166-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-166

---

1. Окуя болгон жерди кароодо табылган, тинтүү, алып коюу, тергөө экспериментин же башка тергөө аракеттерин жасоодо алып коюлган же болбосо тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча жеке, юридикалык жактар тарабынан берилген буюмдар ушул Кодекстин 165-беренесинин эрежелери боюнча каралууга жатат.

2. Каралып чыккандан кийин, аталган предметтер ушул Кодекстин 88-беренесине ылайык буюм далилдери катары таанылышы мүмкүн.

Предметти далил буюму деп таануу жана аны ишке кошо тиркөө жөнүндө тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтом чыгарат, анда далил буюмун иштин ичинде калтыруу же аны ээсине же башка адамдарга же уюмдарга сактоого берүү жөнүндө маселе чечилет.

3. Жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан алып коюуунун, эсепке алуунун, сактоонун жана өткөрүп берүүнүн тартиби ушул Кодекстин 88, 89-беренелерине ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-165)  
Кийинки берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-167)
