# 164-берене. Тергөө аракеттеринин протоколуна кол коюудан баш тартуунун же кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын ырастоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 164-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-164

---

1. Эгерде шектүү, айыпкер, күбө же тергөө аракеттерине катышкан башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул жөнүндө протоколго тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдын койгон колу менен ырасталуучу белги коюлат жана видеожазууну пайдалануунун жардамы менен белгиленет.

2. Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш, ал протоколго киргизилет.

3. Эгерде шектүү, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтеринен улам же ден соолугуна байланыштуу сурактын протоколуна кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча протоколго жактоочусу, анын өкүлү кол коёт же тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы да кол коёт. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын бири башка тергөө амалдарынын протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралуу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-163)  
Кийинки берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-165)
